Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор Курманкул Зулушев отчёт берип жатып Бакиевдерди өлкөгө экстрадициялоо азырынча мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Башкы прокурор билдиргендей, Беларусь өлкөсү мурдагы президентти Кыргызстандын бийлигине өткөрүүдөн баш тартууда.
"Башкы прокуратура бир нече ирет кат жөнөткөн. Бирок аталган мамлекет баш тарткандыктан, аларды өлкөгө кайтаруу азырынча мүмкүн болбой жатат", - дейт Зулушев.