"Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун Өзгөндөгү лидери кармалды

Ошто "Хизб-ут Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдарды активдүү жайылткан деген шек менен 53 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, жыл башында "эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча сотко чейинки кылмыш иши козголгон. Бул багытта жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин алкагында Өзгөн шаарынын 1969-жылы туулган Т.Б. аттуу тургуну кармалды.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Т.Б. активдүү түрдө социалдык тармактар аркылуу "Хизб-ут Тахрир" уюмуна таандык болгон диний-экстремисттик адабияттарын жайылтып, Өзгөн шаарынын кээ бир тургундарына бул уюмдун идеяларын жайылтуу иштерин жашыруун жүргүзүп жүргөндүгү аныкталды. Ошондой эле шектүү Өзгөн шаары боюнча “Хизб-ут Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун лидери болгон. Анын жанынан аталган уюмга таандык электрондук форматта сакталган материалдар сакталган телефондор алынды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан