Чоң-Алайда кечке жуук жер титиреди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 6-апрелде саат 17:49да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак жана Кара-Шыбак айылдарында 3 балл, Шибээ жана Дароот-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан