Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан менен чек арасын ачат

Казакстан өз жарандары жана чет элдиктер үчүн чек арадан өтүүдө киргизилген чектөөлөрдү алып салат. Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, чек ара 11-апрелден тарта ачык болот.

Маалыматта Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек арадагы өткөрүү пункттарында чектөөлөр алынары айтылат. Ошол эле учурда COVID-19 үчүн терс натыйжасы бар ПЦР сертификатына талап сакталат.

Ошондой эле Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр алынып салынат деп кошумчаланат.

Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун өкүлдөрү сүйлөшкөнүн билдирди.

"Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу жана күнүмдүк маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасынан Кыргыз жарандарынын өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүн калыбына келтирүү, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз автомобиль менен эл аралык ташууну калыбына келтирүү, ошондой эле чек ара аркылуу товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду", - дешет министрликтин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан