
7-апрель - Элдик революция күнү.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында "7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.
Ошол кездеги депутат Исмаил Исаковдун айтымында, 2010-жылдагы курман болгон баатырларды эскерүү жана өлкөнүн жаштарын патриоттук сезимдерге тарбиялоо максатында бул мыйзам долбоору иштелип чыккан.