Бишкекте футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндары 10-13-апрель күндөрү өтөт. Ага чейин саналуу гана күндөр калды. Кыргыз курамасы алгачкы оюнун 10-апрелде Түркмөнстан курамасына каршы өткөрөт. Кыргыз футболдук союзу SUPER.KG порталына Азия Кубогуна тандоодогу Кыргыз курамасынын оюндарына билет баасы 400 сом экенин билдирди.
"А" тайпасында орун алган Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив менен кез келет.
Мындан тышкары, "В" тайпасынын Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Непал курамалары ортосундагы оюндарга күбө болобуз.
Билет баасы канча?
Билеттер Кыргыз улуттук курама командасынын катышуусундагы оюнга - 400 сом;
"Ак шумкарлардын" катышуусуз оюндарга - 700 сом;
Бир күндүк оюн үчүн - 1000 сом.