Бишкекте милиция кызматкерлери тергөө күнүн белгилешти

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын аянтында тергөө күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-апрель күнү райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Биринчи Май РИИБинин өздүк курамы тергөө бөлүмүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мыкты кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын башчысы, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, аларга үй-бүлөлүк бакыт, бакубатчылык жана элге ак ниет кызмат кылууну каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан