Бишкекте бир нече Sony-PlayStation ижарага алып, кийин аларды сатып жиберген адам кармалды

Бишкекте тургундан Sony-PlayStation алдап алууга айыпталган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта Бишкек шаарынын Д.Э. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда Н аттуу адам ижарага деп ага таандык 2 даана Sony-PlayStation алып кеткенин, бирок ошол бойдон из жашырып, аларды башка адамга сатып жибергенин билдирген. Муну менен жабырлануучу 100 миң сом зыянга учураган.

Бул окуя боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланган.

Көп узабай Х.Н. аттуу 28 жаштагы адам аталган кылмышка шектелип кармалган. Тергөө иштери бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка дагы ушул сындуу иштерге тиешеси бар же жогу такталууда.

Бул адамдан жабыркагандар болсо төмөнкү телефондорго байланышууну укук коргоо органдары өтүнөт.

102;

0(702) 717-308.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан