Ошто аялды муунтуп тоноп кеткенге шектүү кармалды

Ош шаарында аял кишини өзүнүн үйүнүн жанында муунтуп тоноп кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 19-март күнү Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал Ош шаарындагы өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында, болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жаран муунтуп, колундагы сумкасын жана уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү ресстрине 206-берене менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган.

"Издөө иш-чарасынын жүрүшүндө 6-апрель күнү кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1990-жылы туулган тургуну К.Б кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ош шаарынын аймагында ушул жылдын январь айынан бери бир нече жолу катталган аялдарга кол салуу фактысына шектүүнүн тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ош ШИИБи кармалган шектүүдөн жабыркагандар болсо, арыз менен кайрылууну суранат. Шектүү катары кармалган жаран мурда жасаган кылмышы үчүн пробациялык мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. Мурда эки жолу соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан