Бишкекте эртең менен унаа сүзүп кеткен 26 жаштагы кыз каза болуп калды

Бишкекте эртең менен унаа сүзүп кеткен 26 жаштагы кыз каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаракат алган кыз жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон.

Эскерте кетсек, бүгүн, 7-апрель күнү болжол менен саат 08:45 чамасында, Субару-Форостер унаасы Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсү менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен Опель-Астра унаасын сүзгөн. Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан