Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна түшкөн таш көчкү тазаланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүнүн 266-чакырымында миң метр куб көлөмүндө таш көчкү түшкөн. Аны тазалоого кечээ, 6-апрелде атайын техникалар тартылып, таш көчкү толук тазаланып жол ачылган.