Ырчы Назира Токонова 34 жашка толду. "Эми чыгармачылыгымды жандантам" дейт ал

Ырчы Назира Токонова бүгүн 34 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда ырчы бул күндү жакындарынын курчоосунда белгилей турганын билдирди.

"Туулган күнүмдү дайыма жолдошум, ата-энем, бир туугандарым менен белгилейм. Бул жолу жолдошум жумушуна байланыштуу Ысык-Көлгө кетти. Белегин иш сапардан келгенден кийин берет окшойт. Бул ирет ата-энем, бир туугандарым менен белгилейм туулган күнүмдү", - дейт ырчы.

Назира Токонова 1988-жылы 7-апрелде Сокулук районунда төрөлгөн. Ата-энесинин каршылыгына карабай Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, 2 жыл даярдоо курсунда, 5 жыл эл аспаптар факультетинде окуган. Чыгармачылык жолуна 2007-жылдары аттанган.

2013-жылдан тарта Сокулук маданият үйүнүн солисти, билим берүү борборунда вокалдан студенттерге сабак берген.
2017-жылы Улан аттуу мырзага турмушка чыгып, түгөйлөр 2018-жылы уулдуу болушкан. Сахнада мурдагыдай активдүү болбой калган ырчы, жашоодо ар кандай болорун айтат.
"Турмушка чыгарда үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да бирдей алып кетем деп ойлогом. Бирок андай болбойт экен, ортодо ооруп да калдым. Эми чыгармачылыгымды жандантып, жаңы ыр, клиптерди тарттыруунун үстүндө иштеп баштадым", - деди ал.
Репертуарындагы белгилүү ырлары "Сага", "Сагыныч", "Сүйбө мени" жана Чыңгыз Турдубеков менен биргеликте аткарган "Мезгил учат" ыры.
7-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан