Кыргызстанда глаукома илдети көздүн көрбөй калуусунун жана начар көрүүнүн негизги себептеринин ичинде биринчи орунду ээлейт. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматы боюнча, расмий түрдө катталган оорулуулардын саны 8000ге жетет. Бирок иш жүзүндө глаукома менен ооругандардын саны бир канча эсе көп.
Глаукома кайсы гана куракта болбосун пайда болушу мүмкүн, көп учурда 40 жаштан жогорку курактагыларда кездешет.
Глаукоманын өрчүү коркунучун жогорулатуучу факторлор:
* 40 жаштан жогорку курак;
* атеросклероз жана кан тамырлардын курактык оорулары;
* тукум куучулук;
* сезгенүү оорулары же көздүн жаракат алуусу;
* диабет.
Глаукоманын белгилери:
* тунаруу жана көрүүнүн начарлашы;
* көрүү талаасынын тарышы;
* жарыктын булагын караганда кубулма тегерекчелердин пайда болушу;
Кээ бир учурда глаукоманын курч пристубу пайда болушу ыктымал, андайда көздүн көрүүсү капыстан начарлайт жана көздөн чыкыйга чейин кеткен катуу оору келип чыгат, көңүл айнып, кускусу келиши мүмкүн.
Мындай учурда ошол замат медициналык жардам алуу үчүн кайрылуу керек!
Глаукома оорусунун баштапкы баскычтары өзү тууралуу эч кандай билдирбейт. Офтальмологго өз учурунда текшерилүү гана глаукоманы өз учурунда аныктоого жана тиешелүү дарылоо жүргүзүүгө жардам берет.
Глаукома (көз чечекейинин тунарышы) – көздүн ичиндеги кан басымдын жогорулашы менен мүнөздөлгөн жарым-жартылай же толугу менен көрбөй калууга алып келе турган көздүн оорусу.