Ырчы Азиз Батыровдун 11 жаштагы шакирти 6-апрелде көз жумду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына маалымдады.
"Бир ай мурун Индияга барып операция жасатып келген. Бекбол Жузубалиев 3 жылдан бери апластикалык анемия оорусу менен жабыркап келген. Бишкекке келгенден кийин пневмония болуп, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Операциядан кийин организм алсыз болгондуктан көтөрө албай калды окшойт. Жүрөгүм зыркырып турат. Кыргыз элим колунан келишинче операциясына жардам берди. Элиме башымды ийип таазим кылам", - деди ырчы.
SUPER.KG порталынын жамааты Бекбол Жузубалиевдин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.