Тажикстанда жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандары боюнча министрлик билдирүү жасады

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарына Тажикстанда кармалып, камакта отурган Кыргыз жарандары тууралуу маалымат жарыяланган. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

"Тажикстандын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча ушул жылдын 11-мартынан 18-мартына чейин Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин кызматкерлери жолугушууларды өткөрдү. Анда соттолгон Кыргыз жарандары, анын ичинде Вахдат шаарындагы түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан С.Артиков (ал 2021-жылдын 28-декабрында Татарстандын сот органдары тарабынан 18 жылга соттолгон) менен кезигишти.

Элчиликтин кызматкерлери жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргыз жарандарын кармоо шарттары менен таанышты. Ал эми соттолгондорго жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстандын мекемелерине которуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча маалымат берилди.

Андан тышкары элчилик Татарстандын компетенттүү органдары менен биргеликте С.Артиковдун жакындарына аны менен жолугушууну уюштурууга жардам көрсөттү", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан