Ооганстанда апийимди өстүрүүгө тыюу салынган чечимди Тышкы иштер министрлиги кубаттады

Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстандагы дыйкандарга апийим өстүрүүгө тыюу салганы кабарланган. Анда аталган кыймылдын өкүлү түшүм табылса жок кылынарын, мыйзам бузгандар шариат боюнча жазага тартыларын ооган лидерине шилтеме берүү менен айтып чыккан.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын аймагында апийим өстүрүүгө салынган тыюуну кубаттайт. Бул туурасында тышкы саясий ведомствонун расмий сайтында жарыяланды.

"Министрлик Ооганстанда апийим өстүрүүгө, ошондой эле баңгизаттын бардык түрлөрүн өндүрүүгө, пайдаланууга, ташууга, соодалоого, экспорттоого жана импорттоого ооган бийлиги тарабынан киргизилген тыюуну кубаттайт. Кыргызстан бул чечимди иш жүзүнө ашыруу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана жайылтууга каршы дүйнөлүк күрөштө негизги ролду ойнойт деп эсептейт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан