2013-жылдын 8-декабрында Кыргыз улуттук Т.Сатылганов атындагы филармонияда “Бишкек сулуусу-2013” сулуулук сынагы өтөт.
Уюштуруучулардын айтымында, тандоо турлары сентябрь айында эле аяктаган. Учурда 30 кыз финалга даярданып жатышат. Ал эми сынактын жеңүүчүсү таажы кийип, Дубайга барып эс алып келүүгө жолдомо алат. Бул иш-чара кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн коштоосунда өтөт.