Баткенде бала бакчалардын биринен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт бүгүн, 7-апрелде эртең менен катталган.
Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы менчик балдар бакчасынын дааратканасында өрт чыгып, куткаруучуларга саат 10:23тө маалымат түшкөн. Жерине 1 бөлүм тартылып, өрт саат 11:17де толугу менен өчүрүлгөн.
Бактыга жараша, жабыр тарткандар болгон жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.