Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев "Фотоальбом" рубрикабыздын кезектеги каарманы болмокчу. Ырчынын чыгармачылыкка кадам таштаган кезинен бактылуу ата болгонго чейинки сүрөттөрү назарыңыздарда.
Белгилүү ырчы 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын экинчиси. Атасы совет убагында айдоочу, апасы мугалим болгон.
Мектепти аяктагандан кийин борборго окууга тапшырганы келип, сынактан бир ырга үнү жетпей өтпөй калган. Айылга барып тамеки эгип, сакманчы болуп иштеп тапкан акчасына гитара сатып алган. Кийинки жылы борборго кайра келип, ырдаганы Улукмырза Полотовго жагып, Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга өтөт. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө окуйт.
1994-1999-жылдары филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" деген топто иштейт.
Ал "Көлдүк кыз”, "Сары жалбырак", "Шириним", "Сары кыз", "Энеке", "Сүйүү, сүйүү", "Түнкү жылдыздар" жана башка ырлары менен элге таанылат.
Учурда жубайы Нурзада экөө Азамат, Каныкей, Кадырлуу жана Назэрке аттуу уул, кыздарды тарбиялап келишет. Ырчы ишкерлик менен да алектенет.