Кыргызстан шенген жана америка визасы бар туристтерге визасыз режим киргизүүнү карайт

Кыргызстан шенген жана америка визасы бар туристтерге визасыз режим киргизүүнү карайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады.

Жыйынтыгында, Төрөбаев туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун, бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу боюнча маселени карап чыгууну тапшырды.

Экономика жана коммерция министрлиги туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программа иштеп чыга турган болду.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн визасыз режимди киргизүүнү карап чыкмай болду.

Кыргызстанда учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан