АФК Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын оюндарына 2 кыргызстандык адис тартылды

АФК Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын оюндарына 2 кыргызстандык адис тартылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын адистери АФКнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын оюндарына бекитилди. Анда көп жылдык бай тажырыйбага ээ кыргызстандык Виктор Колпаков 7-28-апрель күндөрү Сауд Арабияда өтө турган. Батыш аймагынын тайпалык баскычтын беттештерине инспектор болуп дайындалды.

Ал эми дагы бир кыргызстандык адис, Сергей Грищенко Чыгыш аймагынын тайпалык баскычтарындагы беттештерде калыстын жардамчысы милдетин аркалайт.

Бул тайпанын беттештери 15-апрелден 1-майга чейин Таиландда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан