Өлкөнүн түштүк аймагындагы тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-апрелден 10-апрелге чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.