Башкы прокуратура: "Жалалабатэлектрдин" мурдагы жетекчиси камакка алынды"

"Жалалабатэлектрдин" мурдагы жетекчиси камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы прокуратурасы тарабынан “Жалалабатэлектр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлерине карата электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "коррупция" менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүүдө 2015-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Жалалабатэлектрдин” кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, электр энергиясына болгон жалпы 113 миллион 838 миң 100 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси М.К. кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан