Чүйдө милиция кызматкерлери аялды тоноого шектелген жергиликтүү тургунду кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин 52 жаштагы А.А аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2-апрелде саат 08:30дар чамасында Аламүдүн айылында белгисиз адам ага кол салып телефонун жана 5 миң сом акчасын жулуп алып качып кеткенин айткан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы О.А. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.