Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот залынан чыгарып салууну талап кылды

Биринчи Май райондук сотунда октябрдагы баш аламандыктар боюнча болуп жаткан соттук отурум өтүп жатат.

Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев отурумда ден соолугуна байланыштуу отура албастыгын айтып, сот залынан чыгарууну талап кылды.

Анын айтымында, Магниттик-резонанстык томография тастыктаган 3 грыжасы бар.

"Мен бул жерде отура албайм. Ошондуктан соттук отурумдун тартибин бузууга мажбур болдум. "Тез жардам" кызматынан келип, кабырга аралык невралгия деп айтышты. Бул деген мазактагандык", - деп сот залынан чыгууну талап кылды.

Белгилей кетсек, Атамбаев "Батукаевдин кылмыш иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген. Алмазбек Атамбаев учурда №47 кармоо абагында жазасын өтөп жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан