Чүйдө жайлоодо 13 жашар баланын телефонун күч колдонуп тартып алганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кашка-Баш айылында каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Аталган жерге Сокулук РИИБинин тергөө-ыкчам тобу барып, 2022-жылдын 3-апрелинде саат 15:40 чамасында 13 жаштагы У.А. жайлоодо мал багып жүргөн учурда ага белгисиз адамдар келип, бычак менен коркутуп, телефонун алып андан ары Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасы менен изин жашырып кетишкен. Бул окуя боюнча баланын атасы милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факты Сокулук районунда катоого алынып сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы фактыга шектүү делип, 20 жаштагы И.А., 27 жаштагы Н.Э. жана 16 жаштагы О.Д. аттуу жарандар кармалган. Алардын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынышкан.