Чүй облусунун Сокулук районунда 1982-жылы туулган Карим Ондобеков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын ноябрь айында Сокулук районуна иштөө үчүн келип, 2022-жылы 27-28-февралда байланышка чыгып ошол бойдон дайынсыз болууда. Күбөлөрдүн айтымында, аны акыркы жолу Бишкек шаарындагы "Ош базарынан" көрүшкөн.
Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кыска, көзү кара, сакалы же муруту болушу ыктымал.
Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара түстөгү шым, кочкул көк түстөгү кроссовка.
Жогорудагы жарандын жүргөн жерин билгендер төмөнкү телефон номерлер аркылуу билдирсе болот: 0(312) 60-75-67, 0(705) 67-39-39.