Бажы кызматына коюлган пландык сумма толук аткарылбай калганына коронавирус пандемиясына байланыштуу кирген чектөөлөр себепкер. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
«Былтыр 2021-жылдын планы толук аткарылбай калганы Кытай Эл республикасынан кирген товарлардын жыл башында кыскарып кеткенине байланыштуу. Былтыр январь айынан апрель айына чейин коронавируска байланыштуу кирген чектөөлөр ушундай таасирин берди», - деди Исабеков.
Бажы кызматы өткөн жылы жалпы 46 миллиард 886,5 миллион сом чогулткан. Бул коюлган пландын 97 пайызын түзгөн.