Былтыр Бажы кызматында 2420 мыйзам бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Анын айтымында бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 76 пайызга көп.
“Бажы кызматында мыйзам бузууларга каршы бул жылы активдүү аракеттер алып барылды. Бул нерсе эффективдүү натыйжаларды берди. Муну ошол эле Бажы төлөмдөрүнүн көбөйүүсүнө салым кошконун айтсак болот “, - дейт Исабеков