Быйыл алгачкы үч айда Бажы кызматында 689 мыйзам бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
“Бажы кызматында быйылкы жылдын алгачкы үч айында 689 мыйзам бузуу катталды. Алардын ичинде козголгон 629 кылмыш ишинин негизинде 45 миллион сом бажы төлөмү өндүрүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5 миллион сомго көп”, - деди Исабеков.