Чүйдө интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

Социалдык тармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлери тарабынан Фейсбук социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн А.К. деген колдонуучунун аккаунтун аныкташкан. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Тартууга шектелип, «Хизб ут-Тахрир» идеологияларынын активдүү жактоочусу, 48 жаштагы жаран .М.А. аттуу жаран аныкталган. Ал социалдык тармакка катталып, анын колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата "экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан