Биз социалдык тармакта

Таласта таксистти отвертка менен сайгылап кыйнап жүгүн тартып алышты

Таласта таксистти отвертка менен сайгылап кыйнап жүгүн тартып алышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-мартта Талас шаарынын батыш тарабында жайгашкан “Алтын-Казык” соода борборунун алдында болгон. Анда Талас районунун Орто-Арык айылынын 42 жаштагы тургунун белгисиз 2 адам коркутуп, кийин отвертка менен сайгылап кыйнап, уюлдук телефонун, 50 миң сомун, 10 литр мотор майын жана автоунаанын фильтрин күч колдонуп алып коюшкан.

Жабырлануучу таксист болгон, Бишкек-Талас каттамында адам жеткирип Таласка келген. Тонолгон акчаны Бишкектен Таласка жеткирүүнү өтүнүп берип жиберген башка адамдарга таандык болгон.

Бул окуя боюнча 206-берене (тоноочулук) менен кылмыш иши козголгон.

Кийин шектүү катары Көк-Ой айылынын 1989-жылы төрөлгөн Т.Н. жана 1995- жылы төрөлгөн Б.Д. аттуу адамдар кармалган.

Учурда алар ички иштер бөлүмүндө сурак беришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан