Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, мындай кадамга баруу дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келерин билдирген. Ага удаа эле министрдин демилгеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынган.
SUPER.KG порталы окурмандарына мектептерде 12 жылдык билим берүүнү колдойсузбу деген суроонун негизинде сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында:
ООБА - 22 пайыз
ЖОК - 54 пайыз
КЕРЕГИ ЖОК БОЛЧУ - 6 пайыз
10 ЖЫЛДЫК ОКУУ ДЕЛЕ ЖЕТИШМЕК - 18 пайыз