Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан белгилешкендей, тергөөчү баңги затын сатуу үчүн акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурда колго түшүрүлдү.
Маалым болгондой, ИИМ системасындагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Кармалган кызматкер Талас шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен баңгизат сатууга мажбурлаган.
Аталган факты боюнча 282-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, милициянын капитаны Н.уулу У. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.