Баткен мэринин унаасы сүзгөн окуучу жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Баткен облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2-апрель күнү Баткен шаарындагы мектептин жанында болгон. Анда Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун кызматтык унаасы 6-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Унаада мэр өзү болгон эмес.
Жол кырсыгынан жабыркаган окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Иш иликтөө үчүн шаардык милицияга өткөрүп берилген.