Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун жетекчиси, обончу, ырчы, төкмө акын Максат Кулуев бүгүн 39 жашка толду.
Максат Кулуев 1983-жылы 8-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 5-класска чейин Таласта, чоң ата-чоң энесиникинде жүрүп окуп, кийин Жумгалга таята-таенесинин колуна барган.
9-класста окуп жүргөндө Мидин Алыбаевдин 2 ырына обон жазып, кийин өзү да ыр жаза баштаган. Мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетин жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.
Репертуарындагы ырлары - "Сулайман тоо сулуусу", "Теңим бар", "Жөнө балам", "Ай, энем", "Сезимдешим", "Кара кыргыз" жана башкалар.
Өмүрлүк жубайы Айнура Чолпонкулова экөө 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Ырчы учурда Кыргыз улуттук "Манас" театрынында эмгектенет. Маданияттын мыкты кызматкери.
8-апрелдин жылнаамасы.