Кыргызстандагы "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын кызматкерлери борбор калаада боло турган спорттук иш-чараларга: жыл сайын өтүүчү "Bakai Bank Jaz Demi" жарышына жана "Жазгы велотебүү-2022" вело жарышына катышат.
Ыктыярчылар жеке спорттук рекорд коюу менен чектелбестен "Үмүт-Надежда" балдардын реабилитациялык борборун күйүүчү май менен камсыздоого да жардам бере алышат. "Газпромнефть" май куюучу станциялар тармагы кызматкерлердин басып өткөн жолдун баарын күйүүчү майга айландырат. Тагыраак айтканда, кайрымдуулук уюмуна чуркап же велосипед тээп өткөн ар бир чакырым жол үчүн 2 литрден күйүүчү май берилет.
Спорттук жарыш 2022-жылдын 10-апрелинде өтөт. Катышуучулар 5, 10 жана 21 чакырым аралыктарды багынта алышат. Вело жүрүш 2022-жылдын 20-апрелинде уюштурулат. Велосипед тебүү 25 чакырым аралыкты түзөт.
"Үмүт-Надежда" кайрымдуулук уюму 1989-жылдан бери иштейт. Фонд өсүүсүндөгү оор жана татаал кырдаалдарга туш болгон 89 балага шарт түзүп берген. Алардын айрымдары күн сайын борборго келип окушат.