Жумгал суусуна аккан 2 жашар бала: Ата-энеси огороддо ойноп жаткан жеринен баласын таппай калышкан

Нарын облусунда Жумгал суусуна эки жашар бала агып кеткен. Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында Нарын ОИИБинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, 7-апрель күнү саат 19:10 чамасында Жумгал районунун тургуну милицияга кайрылып, баласы огороддо ойноп жатып белгисиз себептер менен жок болуп жатканын билдирген.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн. Анда Жумгал суусунун Орто-Токой участкасынын суусунун эки айрылышынан 2 жашар баланын жансыз денеси табылган. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан