Чоң Чүй каналынан 35 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 8-апрелде Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылынын Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат куткаруучуларга келип түшкөн.
Жерине жалпы 6 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында Бообек айылы менен Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылды.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.