Орусияга Казакстан аркылуу баңгизат алып бара жаткан Лейлек районунун жашоочусу кармалды

Орусияга Казакстан аркылуу баңгизат алып бара жаткан Лейлек районунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну 9-апрель күнү Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунундагы чек ара өткөрмө постунан өзүнө тиешелүү унаада баңгизатын алып бара жаткан жеринен кармалган.
Текшерүү иштеринин алкагында баңгизаттын жалпы салмагы 24 килограмды түзгөн.

Бул факты Баткен ОИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан