Бишкекте унааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февралда А.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ошол эле күнү таңкы саат 05:00 чамасында Юнусалиев көчөсүнөн мыйзамсыз түрдө Nissan March үлгүсүндөгү унааны тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкендери айтылган.
Аталган факты Бишкек Октябрь РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси "унаа уурдоо" боюнча кылмыш иши козголгон.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери мурда уурдалган унааны таап, ээсине кайтарып беришкен", - деп жазылат маалыматта.