Караколдо 41 жаштагы жаран бөтөлкөлөшүн сабап өлтүргөнгө шектелип кармалды

Караколдук тургун бөтөлкөлөшүн сабап өлтүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде таңкы саат 05:00 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт кызматына маалымат түшүп, анда Каракол шаарынын бир үйлөрүнүн ичинен белгисиз азият улутундагы адамдын жансыз денеси табылганы билдирилген. Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө-ыкчам тобу сырткы кароо жүргүзүү учурунда, өлгөн адамдын денесиндеги издер, киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай жабыркаган адамдын өздүгү да такталган. Ал ушул эле үйдүн тургуну 54 жаштагы Д.А. болуп чыккан. Аталган факты Каракол ШИИБине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Түп районунун тургуну А.А. колго түшүрүлдү. Алдын-ала сурак учурунда, ал экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишип бир нече жолу баш тарапка ургулап сабагандыгын билдирген, алган жаракаттардын кесепетинен ошол эле жерден каза болгон. Шаардык соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан