Белгилүү актриса Шайыр Касымалиева 55 жашка толду. Ал туулган күнүндө өзгөчө белекти окуучуларынан алганын айтты

Белгилүү актриса Шайыр Касымалиева 55 жашка толду. SUPER.KG порталы актрисаны куттуктап байланышканда ал жумушта экенин айтты.

"Азыр туулган күнүмдү белгилегенге убакыт жок. Иштеп жатабыз. Мектепте окуучуларыма сабак өтүп жатам. Сүйлөгөнгө дагы мүмкүнчүлүгүм болбой жатат. Окуучуларымдан өзгөчө белек алдым. Алгачкылардан болуп кызым, неберем куттуктады. Жумуштан кийин туулган күнүмдү белгилөө боюнча пландар жок", - деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Шайыр Касымалиева 1967-жылы 9-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1985-жылдан тарта Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайында төрт жыл окуган. Кыргыздын бир канча кино жана сериалдарында роль жараткан актриса 2017-жылы "Махабат" аталышындагы фильмдин сценарийин жазып, башкы каармандын образын аткарган.

9-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан