"Кең-Булуң-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Казакстанга мамлекеттик чек ара аркылуу 23,5 килограмм баңгизатын алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
"Кең-Булуң-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайына 1984-жылы туулган С.Ж. аттуу Кыргыз жарандын башкаруусундагы DAF XF510 үлгүсүндөгү унаа келип, аталган унаанын чиркегичин текшерүү учурунда кызматтык ит белги берген. Андан соң чек арачылар чиркегичти тыкыр текшерүүгө алышкан.
Прицептин алдыңкы жагындагы полдун астын ачууда ичинен фольга менен оролуп бекитилген 24 брикет аныкталган. Брикеттер солидол майы менен майланган.
Брикеттерди ачканда алардын ичинен өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү баңги заты - болжолдуу түрдө афган чарзы табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, баңгизаттын жалпы салмагы 23 килограм 500 граммды түзгөн", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң айдоочу жана баңгизатты мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.