Белгилүү ырчы Самара Каримова бүгүн, 10-апрелде 31 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктап байланышса ал жалпы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.
"Быйыл менин туулган күнүм ыйык Орозо айына туш келгенине сүйүнүп жатам. Өзүбүз дагы орозо кармап жатабыз. Биринчи ата-энеме ыраазычылык айтам. Балдарым чоңоюп калышыптыр, атасы менен биргеликте саат 00:00дө куттуктап, сюрприз кылышты. Аябай сүйүндүм. Досторум, күйөрмандарым үйгө келишип, айрымдары белектерин жөнөтүп куттуктап жатышат. Азыр өзүнчө эле асманда учуп жүрөм. Куттуктоо айткандардын баарына он эсе жакшылыктарды каалайм. Быйыл орозо болгон үчүн бул күндү үй-бүлөм менен эле үйдө өткөрөм деп ойлоп жаткам. Эртеден бери 5-6 адам үйгө келип кеткендиктен, шаарыбыздагы кафелердин бирине ооз ачар өткөрүп коёюн деп даярдык көрүп жатам", - дейт Самара Каримова.
Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык сынактын баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Ырчы айым 2011-жылы Асан Мансуровго турмушка чыгып, Алихан, Барсбек аттуу уулдуу жана Даткайым деген кыздуу болушкан.
10-апрелге карата жылнаама.