Америка Кошмо
Штаттарынын аймагында жазылган эң эски китеп 14 миллион доллардан жогору баага
сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашат.
Маалыматка
караганда, бул китеп христиан диний китеби болуп эсептелет. Ал 1640-жылы
Массачусетс штатындагы Кембридж шаарында басылып чыккан. Ал кезде Америка Кошмо
Штаттары жок болуп, бул аймак британиялыктарга колония катары кызмат кылган.
Ошондо Кудайга сыйынгандар үчүн диний китеп чыгаруу максатында Англиядан атайын
станок алынып келинип, Массачусетсте 1700 китеп басылып чыккан.
Уюштуруучулардын
айтымында, бүгүнкү күндө бул китептердин 11и гана сакталып калган. Алардын
көпчүлүгү ар кыл мекемелердин китепканаларында турат. Учурда анын бир
даанасы жеке менчикке өттү.
Кошумчалай кетсек, диний китеп Нью-Йорк шаарындагы Sothebys аукционунда сатылды. Адистердин
айтымында, аукциончулар бул китепти 15-30 миллион долларга чейин сатууну
пландаган. Сатуучулардын максаты ишке ашпаса да, бул китеп “Эң кымбат сатылган
китеп” катары рекорд койду. Буга чейин мындай рекорд Джон Джеймс Одюбондун 1827-1838-жылдары басылып чыккан “Америка канаттуулары” адеген китебине тиешелүү болуп, ал 2010-жылы 11,5 миллион долларга сатылган эле.