Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын куткаруучулары кечээ, 10-апрелде Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 53 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Ишти укук коргоо кызматкерлери көзөмөлүнө алышкан.