Бүгүн, 11-апрелден тарта Кыргызстандын Казакстан менен болгон чек арасы ачылды.
Казак басылмаларынын маалыматына караганда, 11-апрелде жарандар өткөрмө бекеттерден чектөөсүз өтө алышат.
"Бирок эстен чыгарбоо керек! ПЦР-тесттин терс натыйжасы бар сертификатты же эмдөөнүн толук курсун аяктагандыгын тастыктаган документти милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы бар", - деп айтылат маалыматта.