Казак жараны Кыргызстандын аймагына өтүп жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-апрелде саат 17:40 чамасында Панфилов РИИБине Казакстан менен чек арага жакын жерде эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери аскада өз куруна асынып каза болгон кишинин жансыз денесин табышкан. Анын аты-жөнүн тактап, 2003-жылы төрөлгөн Б.У. аттуу Казакстандын жараны экени белгилүү болгон.
Айрым басылмалар укук коргоо органдарындагы жашыруун маалымат берүүчүлөрүнө таянып, каза болгон адам Казакстандын чек ара кызматынын жоокери экенин, ал Кыргызстанга качып өтүп жанын кыйганын жазып чыгышты.
Чүй милициясы каза болгон адам казак чек арачысы экенин тастыктоодон баш тартты.
“Маркум коңшу мамлекеттин чек ара кызматында же башка жерде иштегендигин биз тастыктай албайбыз. Аны силерге Казакстан гана жооп бере алат”, - деп маалымат беришти.
Буга чейин казак басылмалары Казакстанда жоголгон жоокердин сөөгү Кыргызстандан табылганын жазып чыгышкан.
Анда 2003-жылы төрөлгөн Улыкбек Бердишов аттуу казакстандын чек кызматынын жоокеринин жансыз денеси Кыргызстандан табылганы айтылган.