Бишкекте прокурордун жардамчысы жактоочунун баласына кол көтөрдү

Жактоочу Бактыбек Жумашев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасынын кызматкери анын баласына кол көтөргөнүн жазды.

Юристтин айтуусуна караганда, окуя 1-апрелде Свердлов райондук прокуратурасынын имаратында болгон. Анда жактоочунун Шабдан аттуу уулу атасынын айрым иштер боюнча кайрылуусун прокуратурага жеткирип барган. Прокурордун жардамчысы ал документтерди кабыл алуудан баш тартып, бирок расмий түрдө баш тартуу жөнүндө кол коюп берген эмес. Жактоочунун уулу аны талап кылып, майнап чыгара алган эмес. Кийин прокурордун жардамчысы баш тартып жатканын телефонго тартууга аракет кылганда ага кол көтөрүшкөн.

“Телефонду тартып алууга аракет кылышканда, балам бербөөгө аракет кылган. Прокурордун жардамчысы колуна уруп, телефонду жерге түшүргөн, аны балам эңкейип алып жатканда колун тебелеп салган. Мындан сырткары жулкулдатып жатып, денесинин бир нече жерине зыян келтирген”, - деп жазган Жумашев.

Ошондой эле ал укук коргоо органдарына бул иш боюнча арыз жазганын, бирок милиция көңүл кош иш алып барып жатканын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан